• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркаган баткендиктердин дээрлик 19 млн сомдук насыясы жоюлду

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Улуттук банк Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банк КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы "Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча КР Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу" токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

2022-жылдын 26-октябрына карата финансы-кредит уюмдарынан (ФКУ) алынган маалыматтар боюнча ФКУга 372 карыз алуучу кайрылган, 18 млн 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 кредит жоюлган, 20 млн 885 миң сомго жеткен 64 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздардын бардыгын карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий