• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын арасында 2 медкызматкер бар

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 163тү түзөт, анын экөө медицина кызматкери. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, 59 кыргызстандык мерт кеткен.

“Ооруканага жаткырылган бейтаптардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп жатат, көбүнүн абалы оор. Бардык ооруканалар керектүү каражаттар жана дары-дармектер менен камсыздалган”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы билдиргендей, Баткенде жабыркагандар үчүн 643 донор кан тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий