• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын насыясын жоюу уланууда

Экономика 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 млн 370 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-ноябрына карата финансы-кредит уюмдарына 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 млн 370 миң сом суммасында 280 кредит эсептен алынып салынган, 28 млн 836 миң сом суммасында 138 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта, финансы-кредит уюмдары жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.

Пикир

Оставить комментарий