• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын саны 134 кишиге жетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. 18-сентябрь саат 11:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 134 кишиге жетти.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова брифингде билдиргендей, жабыркагандардын айрымдары Бишкек шаарына которулду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышууда набыт болгондордун саны 36га жетти.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти,134 адам жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий