• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Жабыркагандардын саны 183кө жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.22./Кабар/. 2022-жылдын 19-сентябры саат 22:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Стационарда 162 бейтап жатат. Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (103 жабырлануучу). Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Чек ара кагылышуусунан 59 кыргызстандык мерт кетти.

Пикир

Оставить комментарий