• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Жалпы 164 жаран ооруканага кайрылган, алардын 12си балдар

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Баткендеги куралдуу кагылышуу учурунда жалпы 164 адам ооруканага кайрылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги брифингде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 144 жаран жаткырылып, 20сы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Медициналык жардам алууга кайрылгандардын 12син балдар, 114үн эркектер жана 13үн аялдар түзөт.

Саламаттык сактоо министри жабырлануучулардын жаш өзгөчөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- 18 жашка чейин – 12;

- 29 жашка чейин – 74;

- 30 жаштан 49 жашка чейин – 46;

- 50 жаштан 64 жашка чейин – 7;

- 64 жаштан өйдө – 1.

Ал белгилегендей, учурда 42 жаран Баткен облусундагы ооруканаларда, Бишкектеги Улуттук госпиталда 71, Улуттук хирургия борборунда 8, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8, Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында 9, Ош облустук бириккен ооруканасында 4 жана Ош облустар аралык бириккен балдар клиникалык ооруканасында 2 бала дарыланууда.

“Азыркы учурда жабырлануучулар дары-дармек, медициналык каражаттар жана кандын компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыз болууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий