• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Жогорку Кеңеш БУУ, ЖККУ, ЕККУ жана башка уюмдарга кайрылуу жасайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары БУУ, ЖККУ, ЕККУ жана башка уюмдарга кайрылуу жасайт.

Журналисттерге депутат Чыңгыз Айдарбеков билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаттары өз кайрылуусунда Баткен облусунда болуп өткөн окуяларга саясий баа беришти.

“Кайрылууда Кыргызстанга карата Тажикстан куралдуу агрессия көрсөткөнү белгиленди. Документте тажик тарап оор техника, артиллерия колдонулганы жана бардык аскердик аракеттер Кыргызстандын аймагында болгону берилген. Биз эл аралык уюмдардан куралдуу агрессияга укуктук баа беүү жана жоопко тартууну сурандык”, - дейт депутат.

Айдарбеков учурда АКШ Тажикстанга учактарды берүүнү карап жатканын жана ал учактар Тажикстанды коргоо үчүн эмес, Кыргызстанга агрессия көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий