• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын Леваканд шаарында Эйфель мунарасы салынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунун Леваканд (мурдагы Сарбанд) шаарынын өзүнүн Эйфель мунарасы пайда болот. Темир көчүрмөнүн курулушуна жергиликтүү ишкерлер 200 миң сомони (20 миң доллар) бөлүштү.

"Биздин шаарды качандыр бир кезде “кичинекей Париж” деп аташчу. Биз тургундарга жана конокторго ал чындан эле Франциянын баш калаасын элестетишин каалайбыз", – деди Леваканд шаарынын мэри Зарина Давлатзода.

Леваканддагы Эйфель мунарасынын бийиктиги оригиналынан он эсеге кичине – 30 метр болот.

Курулуш иштери башталды, объект 2021-жылы сентябрда Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бүткөрүлөт.

2019-жылы Тажикстандын Куляб шаарында 5 гектар аянтты ээлеген парк капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, “Париж бурчу” деп аталган. Паркка Эйфель мунарасынын 30 метрлик көчүрмөсү, Лувр пирамидасы орнотулган. Алардын айланасында француз стилиндеги кафе жана дүкөндөр жайгашкан. Паркты жаңылоого 4 миллион доллар жумшалган. Ачылыш аземи президент Эмомали Рахмондун катышуусунда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий