• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын премьер-министри Улукбек Мариповду өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулук жана өз-ара сый мамилелерди жогору баалоо менен Сиздин активдүү катышууңуз аркылуу Тажикстан жана Кыргыз Республикасы аралык өз-ара мамилелер кеңейүүгө багыт алып, жаңы мазмунга ээ болооруна ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода өкмөт башчы Улукбек Мариповго – ден-соолук жана ишиндеги ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий