• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын Согди облусунда төрт эм төрөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. 13-июнга оогон түнү Согди облусунун 35 жаштагы жашоочусу Назокат Ходибоева төрт эм төрөдү.

Төрөт үйүнөн кабарлашкандай, төрт эмдин үчөөсү эркек, бирөөсү кыз. Эркек балдар 2,3, кыз 1,7 килограмм салмакта жарыкка келишкен.

«Наристелер мөөнөтүнөн эрте төрөлүштү. Бирок буга карабастан алардын салматтыгы канаатандыраарлык. Учурда алар вакуумда дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди төрөт үйдүн кызматкерлеринин бири.

13-июнда жергиликтүү акимчилик өкүлдөрү наристелер менен апасынынал-жайын сурап барышып, аларга тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн убадалашты.

Төрт эмдин апасы Назокат Ходибоева пол жууп иштейт, күйөөсү тез жардам унаасынын айдоочусу. Жубайлардын буга чейин төрт баласы болгон, улуусу азыр 15 жашта.

Быйыл 14-майда дагы Душанбеде студенттердин үй-бүлөсүндө төрт эм төрөлгөн — эки эркек жана эки кыз.

26-майда Тажикстан бийлиги өлкө калкынын саны 9 миллионго жеткенин билдирген. Тажикстан балдардын төрөлүшү боюнча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинде алдыда келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын калктын саны 2,2 пайызга же 200 миң кишиге көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий