• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын өтүнүчү менен Россияда кармалган кыргызстандык сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду

Коом 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Тажикстандын өтүнүчү менен Россияда кармалган кыргызстандык Эсен Мажитов сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Мажитов Эсен Абдурахимович Россиянын Нижний Новгород шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын компетенттүү органдары жарыялаган мамлекеттер аралык издөөнүн негизинде кармалган.

Россиянын компетенттүү органдарынын 2021-жылдын 6-июлундагы чечими менен Мажитовго карата мурда тандалып алынган камакка алуу баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил каты баш коргоо чарасына өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Мажитов Нижний Новгород шаарындагы тергөө абагынан бошотулган.

Ошол эле учурда Э.Мажитовго карата экстрадиция боюнча текшерүү аягына чыга электиги айтылууда

КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жооптуу кызматкерлери Э.Мажитовдун жактоочусу менен туруктуу байланышта болууда.

Буга чейин тажик бийлиги Эсен Мажитовго эл аралык издөө жарыялаганы белгилүү болгон. Тажикстанда 2020-жылдын 8-майындагы чек арадагы чыр боюнча кылмыш иши козголгон. Эсен Мажитов башаламандыкка катышкан деп айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Тажикстандын чек ара кызматкерлери миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок аткан. Тажик жарандары Мажитовдордун чек аранын тактала элек участкасынын жанында жайгашкан үйүн өрттөп жиберишкен. Кийин Мажитов активисттердин жардамы менен үйүн калыбына келтирген.

Кийинчерээк Мажитовдун уулу - Адил президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасап, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн. Президент бала менен жолугуп атасынын маселеси Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип жаткандыгын айтып, жакын аралыкта маселени толук чечип берүүнү убадалаган.

Пикир

Оставить комментарий