• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын Улуттук банкы калкты темир тыйын чогултпоого чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Тажикстандын Улуттук банкы өлкө жарандарын металл дирамдарды - тыйындарды үйлөрүндө чогултпай, жүгүртүүгө чыгарууга үндөдү.

Бийлик тыйын чогултуу майда акчанын тартыштыгына алып келет деп эсептейт.

Рудаки районунун тургундары Фуруг жана Якуб Назаровдор металл дирам чогултканды жакшы көрүшөт. Алар соңку төрт айда 300 сомониге жакын тыйын жыйнашкан.

Маршруттук таксинин айдоочусу Оятулллох Камаров жол кире 1 сомони 60 дирам турарын, жүргүнчүлөр 2 сомони берип, кайтарым талап кыларын айтты: — Бирок менде майда акча боло бербейт, жүргүнчүлөргө тыйын кайтарып берүү кыйын.

Тажикстандын Улуттук банкы бир жарым жыл мурун майда кагаз акча тез эскирип кеткендиктен, металл дирам чыгарыларын маалымдаган. Муну менен майда акча жүгүртүү маселеси чечилери айтылган.

2015-жылы жалпы көлөмү 31 миллион сомони ($3,2 млн) майда акча жүгүртүүгө чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий