• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын жараны КРге башка паспорт менен кирүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 30.11.17. /Кабар/. “Кызыл-Бел унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайынын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасынан башка бирөөнүн паспорту менен кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармашты. Бул туураллу КР МЧКнын коомчулу жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, паспорттук текшерүү учурунда 1958-жылы туулган Тажикстандын тургуну башка тажик жаранына таандык болгон паспортту көрсөткөн. Текшерүү учурунда паспорт башка бирөөгө таандык экендиги аныкталып, жеке буюмдарын текшерүү маалымда анын ички паспорту табылган.

Кармалган жарандын айтымында, ал мурда РФдан депорттолгон.

Бардык тийиштүү документтер чогултулган соң, мыйзам бузуучу аймактык УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий