• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дахма жергесинде ок атуунун издери аныкталган эмес - Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 22-декабрынан 23-декабрына караган түнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Дахма жергесинде белгисиз адамдар аңчылык курал менен Тажикстандын жаранынын үйүнө эки ирет ок аткан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

КРнын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, жаш балдар ойногон жардыргычтардын (хлопушки) үнүнө окшош үндөр угулган. Бирок, жеринде тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында ок атуунун издери байкалган эмес.

Азыркы учурда кыргыз тараптын укук коргоо органдары кошумча териштирүү иштерин улантып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий