• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажрыйбанын жоктугу тергөө иштерин өз убагында жүргүзүүгө тоскоол болууда - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 30,05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кызматтын коррупция жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ишмердигинин натыйжалары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Чечимин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Мамлекет башчысы бардык багыттар боюнча оперативдүү иштин көрсөткүчтөрү төмөндөгөнүн белгилеп, өзгөчө өлкөнүн аймактарында коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды ачуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.

«Тажрыйбанын жоктугу же кесипкөйлүктүн төмөндүгү тергөө иштерин өз убагында жана сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө тоскоол болууда. Дал ушул кесипкөйлүк жактан финансы полициясынын кызматкерлерине ишкерлер тарабынан нааразычылыктар болууда», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров учурда финансы полициясы органдарында, өзгөчө өлкөнүн аймактарында ишкерлер чөйрөсүнүн пикирин эске алуу менен кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы финансы полициясы органдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөн экендигине токтолуп, бул иш кызматтын негизги милдетинин бири экенин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан бардык багыттар боюнча ишти активдештирип, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды, ошондой эле коррупцияга, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого, товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып чыгууга жана мыйзамсыз кумар оюн ишмердигин жүргүзүүгө байланыштуу кылмыштарды аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча ишти жогорулатууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий