• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Центерра” компаниянын акцияларын сатуу жөнүндө кыргыз тараптын макулдугусуз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт

Коом 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. “Кыргызалтын” ААКтын “Центерранын” жанаShadong Gold” кытайлык компаниясынын“Кумтөр” долбоорунун акцияларын сатуу жөнүндө расмий сурамы боюнча канадалык алтын казуучу “Центерра Голд” компаниясы төмөнкүлөрдү кабарлайт:

“Центерра Голд Инк” коомдук компания болуп эсептелгендиктен, ага ылайык үчүнчү тараптардан ар кандай сунуштарды алышы мүмкүн, анын ичинде кытайлык компаниялардан түрдүү мүнөздөгү макулдашууларды бекитүү тууралуу сунуштарды алышы мүмкүн. Бул дүйнөдөгү коомдук ишканалардын арасында кадимки практика болуп эсептелет.

“Центерра” өз катында эгерде мындай сунуштардын бири финансылык жактан өзүнө тартып, жок дегенде талкуу баскычында болгондо, сөзсүз түрдө “Центерра” бул маселени КРнын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ААК менен макулдашмак экендигин расмий түрдө тастыктаган.

Белгилей кетүүчү нерсе, кайсы бир сунуштун үстүнөн иштөөнү улантуу тууралуу үчүнчү жак тарабынан алынган чечим “Центерранын” “Кыргызалтын” менен чогуу бардык акционерлери тарабынан кабыл алынат, компаниянын директорлор кеңеши же жетекчилиги тарабынан гана эмес.

Эске салсак, Кыргызстандын ЖМКларында “Центерра Голд Инк” компаниясынын жетекчилиги кытайлык “Shadong Gold” компаниясы менен компаниянын Кыргызстанга тиешелүү эмес үлүшүн сатуу жөнүндө активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыдыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

ЖМКларда бул тууралуу “Кумтөр Голд Компанинин” мурдагы кызматкерлери билдиргени жазылган.

Пикир

Оставить комментарий