• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Церетели: Кыргызстан ЕККУ ПАнын Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ишине өз салымын кошот

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) башчысы Георгий Церетели Бишкек шаарында өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны өтө маанилүү иш-чара экенин, ал эл аралык деӊгээлде, анын ичинде Кыргызстанда демократиялык баалуулуктардын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын баса белгиледи.

ЕККУ ПАнын башчысы парламенттер аралык диалогдун платформасы, терроризм, экстремизм, радикалдашуу, миграция көйгөйлөрүн талкуулоо, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо ЕККУ ПА башкы озуйпасы болуп саналарын, Кыргызстан дагы уюмдун Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ишине өз салымын кошо турганын айтты. «Биз ушул жыйында өзүбүздүн тажрыйбаларыбызды бөлүшүп, эксперттик пикирлерибизди билдиребиз. Ал эми Кыргызстан ЕККУ миссиясынын жана уюмдун максаттарынын жетишкендиктеринин алкагында өз аймагында өз ара түшүнүшүүлөрдүн жаралышына салым кошот», - деп, ал ЕККУ ПА ар дайым Борбордук Азия чөлкөмүнө жетиштүү көӊүл бурарын, мындан ары да алакалардын арта бере турганына ишеним артарын кошумчалады.

Андан тышкары, Георгий Церетели ЕККУ ПАнын бул жыйыны жогорку деӊгээлде даярдалганын белгилеп, парламенттик делегацияларды жылуу кабыл алганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий