• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Циндао Бишкекке сквер курууга 600 миң юань бөлдү (эскиздер)

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапарынын жыйынтыгында Бишкек шаарына акча каражатын бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкек шаарынын батыш тарабын жакшыртууга 600 миң юань бөлдү, бул каражат Дэн Сяопин кең көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жашыл мейкиндиктин аянтын көбөйтүүгө багытталат.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 22-декабрда Бишкек жана Циндао шаардык муниципалитеттеринин ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий