• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Циндаодо Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту

Президент 0

Бишкек, 09.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Президент Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

«Сиздин Тажикстанга расмий визитиңиздин учурунда биздин жолугушуубуздан кийин бардык багыттар боюнча, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө да, эки тараптуу мамилелердин жакшыруу тенденциясы байкалат», — деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти менен жолугушканына жана биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтуу экенин белгиледи. «Кыргыз тарап Тажикстан менен болгон жакшы кошуналык, достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берет. Биз кыргыз-тажик мамилелеринин бардык спектрлери боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө ар дайым даярбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки мамлекеттин башчылары ШКУ саммитинин алкагында жолугушуулардын маанилүү экенин, бул эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана эл аралык күн тартибиндеги олуттуу маселелерди талкуулоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүк берерин белгилешти.

Тараптар региондогу кырдаал боюнча пикир алмашышты жана терроризм менен экстремизмге каршы жалпы күчтөрдү күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жөнүндө жалпы пикир билдиришти. Жолугушууда белгиленгендей, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча вице-премьерлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 2018-жылдын 20-июнунда Душанбе шаарында болот.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Циндао шарына бүгүн, 9-июнда өзүнүн Кытай Эл Республикасына үч күндүк мамлекеттик визитин аяктаган соң Пекин шаарынан келди.

Пикир

Оставить комментарий