• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Цирктин директору сөзсүз түрдө артист болушу керек эмес

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик циркинин директору сөзсүз түрдө артист болушу керек эмес. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында цирктин машыктыруучу Анарбек Айталиев билдирген.

“Цирктин болочоктогу жетекчиси сөзсүз түрдө артист болушу керек эмес. Эң негизгиси кийин Акматовалар сыяктуу болуп башкаларды жамандабаган адам болуш керек”, - дейт Айталиев.

Айталиевдин сөздөрүн анын кесиптеши хореограф Асланайым Аширова колдоп, цирктин жетекчисин дайындоо маалында баардык талапкерлерди каралоо башталды деп билдирди.

“Ушунун баарын Акматовдордун үй-бүлөсү жасап жатат. Мени дагы бул кызмат ордуна талапкер кылып сунушташкан. Ошондон кийин менин дарегиме да жаман сөздөр, ушактар айтыла баштады”, - дейт хореограф.

Пикир

Оставить комментарий