• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Цирктин ичиндеги ресторандардын тагдырын жаңы директор чечет - Жаманкулов

Коом 0


Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин ичинде жайгашкан ресторандардын тагдырын цирктин жаңы директору чечет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, жаңы жетекчи ким боло тургандыгы азырынча белгисиз.

“Чынын айтканда мен азырынча ал кызматка ким келээрин айта албайм. Бир нече талапкер бар. Биз цирктин ишин бийик деңгээлге көтөрө ала турган адисти чет өлкөдөн чакыралы деп да ойлогонбуз. Бул маселе боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок азырынча мындай кадамдарга барбай, бизде иштегендерден тандай турган болдук”, - дейт Жаманкулов.

Бул кызматка талапкерлер өздөрүнүн циркти өнүктүрүү программаларын көрсөтүштү.

“Башка маданият мекемелерден айырмаланып, цирк өзүн-өзү камсыз кылып кете алчу мекеме. Ошол себептен жаңы жетекчинин алдына так ушундай тапшырма коюлат. Ал эми имараттын ичинде иштеген мекемелер боюнча жаңы директор иш алып барат. Мен ага жардам берем”, - дейт министр.

Андан тышкары ал белгилегендей, цирк боюнча бир гана жетекчилигин дайындоо эмес, эффективдүү башкаруу үчүн жаңыланган администрация дайындалат.

Эске сала кетсек, цирктин артистери 2004-жылдан тарта цирктин директору кызматын ээлеген Курмангазы Исанаевди иштен кетирүү боюнча маданият министрине петиция узатышкан. Директорго каршы акциялар жыл сайын жүргүзүлүп келет.

20-декабрь күнү Исанаев ээлеген кызматын өз каалоосу менен таштап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий