• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЦУМдун жаңы курулуп жаткан имаратында өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Түндө "Айчүрөк" соода борборунда (ЦУМ) жаңы курулуп жаткан имаратынын 7-кабатында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрлик билдиргендей, өрт тууралуу маалымат түндө болжол менен саат 01:19да келип түшкөн.

"Жаңы курулуп жаткан имараттын 7-кабатында 4 чарчы метр темир күркөнүн ичинде электр ширетүү жабдуулары жана курулуш шаймандары күйгөн", - деп билдиришти министрликтен.

Өрт болжол менен саат 02:38де өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий