• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Теңдик нуру» Өлкөлүк программасынын улуттук жетекчилик комитетинин биринчи кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин элчиси Эдуард Аэур менен биргеликте «Теңдик нуру» демилгеси боюнча Өлкөлүк программанын улуттук жетекчилик комитетинин биринчи кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Спотлайт» глобалдык демилгесинин алкагында кеңешмеде өлкөлүк программанын дизайны сунушталып, аны ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштин негизги багыттары аныкталды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Министрлер Кабинети аялдардын тең укуктуулугун камсыздоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу, аялдардын укук коргоо кыймылын жана жарандык коомду колдоо, аялдар жана эркектер үчүн өнүгүү жолдорун издөө боюнча демилгелерди жана программаларды артыкчылыктуу орунга коет.

«Теңдик нуру» өлкөлүк программасынын өзгөчөлүгү – аны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине бир эле учурда Министрлер Кабинети, кызыкдар мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары, БУУ тутумунун, Европа биримдигинин агенттиктери жана башка эл аралык өнөктөштөр тартылгандыгында турат. Алсак, жергиликтүү кеңештерде аялдардын көрсөтүлүшү 10дон 38,7%га жогорулатылышы сиздер менен биргеликте жасаган күчч-аракеттердин негизинде мүмкүн болду», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал программанын өнөктөштөрүн өлкөнүн лидер аялдарынын каалоосун эске алууга чакырып, өлкөлүк программанын долбоорун кеңейтүүнү жана мүмкүн болушунча бүтүндөй республиканы, айрыкча Баткен облусунун район-шаарларын камтууну сунуш кылды.

БУУ тутумунун координатору Озонниа Ожиело ийгиликтүү жана жемиштүү өнөктөштүктө Министрлер Кабинетин колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, долбоордун маанилүү демилгелеринини бири катары 2021-2023-жылдарга гендердик теңчиликтин Улуттук стратегиясын жана Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болуп саналат.

Ал бүткүл өлкө боюнча лидер аялдарды бириктирүү, гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн Аялдар Конгрессин уюштуруу жана өткөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин демилгесин колдоону өтүндү.

Белгилесек, «Теңдик нуру» демилгеси дүйнөнүн 25 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жатат. 2020-жылы Өлкөлүк программанын улуттук жетекчилик комитети түзүлүп, 12 пилоттук жамааттарда иш жүргүзүүдө.

Комитеттин теңтөрагалык милдетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кыргыз Республикасындагы БУУ туруктуу координатору Озонниа Ожиело аткарат.

Учурда алты негизги компонент: саясат жана мыйзамдар, институттарды чыңдоо, зомбулуктун алдын алуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтар, аялдардын укугун коргоо кыймылын жана жарандык коомду колдоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий