• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Теңгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу, "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына камалды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 15-сентябрда Т.Б. баш коргоо чарасы каралып, ал 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакка алынды.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. (Рысбек Токтогул) Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

Буга чейин "Кумтөрдүн" финансылык директору Рысбек Токтогул бир айга камакка алынгандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий