• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Театралдык" гүл бакчасындагы пианино калыбына келтирилди - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 19.10.20 /Кабар/. "Театралдык" гүл бакчасындагы пианино калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, гүл бакчада орнотулган пианинону бир ай мурун белгисиз адамдар сындырып кетишкен.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылчарба" муниципалдфк ишканасынын кызматкерлери сындыргандарды изи сууй электе кармашкан.

“Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, бир айдан кийин сындыргандар жаңы пианинону орнотушту, анткени мурдагы пианинону оңдоого жарабай калган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аспап текшерилип, күүлөнүп, шаардыктарга музыкалык маанай тартуулоого даяр.

Бишкек мэриясы шаардыктарды муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну суранат. Эгерде сиз тартип бузууларга күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыз: 102.

Пикир

Оставить комментарий