• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Театралдык” гүл бакчасындагы пианинону кайра сындырып кетишти

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. “Театралдык” гүл бакчасында шаар тургундары үчүн орнотулган пианино белгисиз адамдар тарабынан кайрадан сындырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тилекке каршы, пианинону калыбына келтирүү мүмкүн эмес, зыян өтө олуттуу жана аны кайрадан алмаштырууга туура келет.

“Биз укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык” – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жакында эле белгисиз адамдар пианинону бузуп кеткен,мэриянын кызматкерлери алардын изи сууй электе кармоого жетишип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бир айдан кийин сындырып кеткен адамдар жаңы пианинону орнотушкан.

Бишкек мэриясы шаардыктардан муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну өтүнөт. Эгерде сиздер тартип бузулуп жатканына күбө болсоңуздар, дароо милицияга кайрылыңыз: 102.

Пикир

Оставить комментарий