• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тегеранда кыргыз-иран ТИМ башчыларынын орун басарларынын деңгээлиндеги саясий кеңеш отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кезектеги саясий кеңеш отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, ал эми иран тарапты Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи жетектеген.

"Саясий кеӊеш жүргүзүү учурунда тараптар бир катар маселелерди, анын ичинен - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалы, эки тараптуу жана көп тармактуу кызматташуунун келечеги, ошондой эле эл аралык маселелерди жана аймактык коопсуздук маселелерди талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар мындан аркы эки жактуу кызматташууну өнүктүрүү, саясый диалогду, парламенттер аралык байланышты бекемдөө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ар тармактуу байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн иш алып баруунун зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий