• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тегеранга жакын жерде кулаган Boeing'де кыргызстандыктар болгон эмес – "Манас" аэропорту

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Тегеранга жакын жерде кулаган Boeing 707-300 учагында кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, IRON AIR FORCE авиакомпаниясынын Boeing 707-300 жүк ташуучу учагы Тегерандан Бишкекке "Манас" Эл аралык аэропортуна 13-январда саат 23:10до (DLF 155) учуп келген. Ал Бишкектен 14-январда саат 07:16да (DLF 156) Пайамга чыгып кеткен.

Тегеран-Бишкек-Пайам чартердик рейсиндеги учакта болгон 16 кишинин ичинде кыргызстандыктар болгон эмес.

Учак эт ташып бара жаткан. Анда 30 тонна эт болгон.

Эскерте кетсек, учак Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Массалык маалымдоо каражаттарында айтылгандай, кырсык болгон жерди калың түтүн каптап турат. Жерине тез жардам кызматы жана куткаруучулар барышкан.

Учак жүк менен Бишкектен Карадж шаарына учуп бара жаткан. Анын ичинде 16 адамдан турган экипаж болгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий