• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тегерек столдун катышуучулары: Бизге жаңы Конституция керек

Коом 0


Жума күнү Бишкекте борбор шаардын жана Чүй облусунун демилгелүү топторунун жана активисттеринин катышуусунда КР Конституциясынын жаңы долбоорун кароо боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столдун катышуучулары белгилегендей, жаңы Конституция бүгүнкү күндөгү чакырыктардын реалдуулугун чагылдырат жана экономиканын өсүшү үчүн керек.

Атап айтканда, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын активисти Насыйкат Кочкорбаева Конституциянын жаңы долбоору жаштардын жана мезгилдин талаптарына толугу менен жооп берет деп белгиледи.

«Тегерек стол жакшы өттү, мага жакты. Мен эми Конституция жөнүндө, кандай өзгөртүүлөрдү кабыл алуу пландаштырылып жатканын жана алар кандайча иштей тургандыгы тууралуу дээрлик барын билдим. Мага түшүнүксүз болуп жаткан учурларды тактадым, суроо берип, алган жоопторго канааттандым. Мен Конституциянын жаңы долбоорун толук колдойм. Бизге жаңы Конституция керек, биз жаштар Конституциянын жаңы долбоорун колдойбуз»,-деди Кочкорбаева.

Демилгелүү топтун мүчөсү Турсунбек Акундун айтымында, тегерек столдун катышуучулары аларды кызыктырган суроолорду беришип, талкууга жигердүү катышышты жана жыйынтыгында Конституциянын жаңы долбоорун колдошту.

«Бул талкуу болду, депутаттар колдошту, референдумга жиберишти, эми биз жөн гана талкуулап жатабыз. Бүгүнкү тегерек столдун башкы максаты – элге Конституцияга кандай кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилип жатканын түшүндүрүп берүү болгон. Катышуучулар жаңы Баш мыйзам тууралуу жакшы пикирлерин айтып жатышат, албетте чагымчыл ойлор да айтылды, бирок жалпысынан катышуучулар Конституциянын жаңы долбоорун колдошту»,-деди Т.Акун.

Эскерте кетсек, президенттик башкаруу формасына басым жасалган Конституциянын жаңы долбоору өткөн жылдын ноябрь айынан бери эле Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип келди. 9-февралда Баш мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган, кийин 2-мартта парламент жаңы долбоорду колдоду. Белгиленгендей, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге 11-апрелде өтөт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий