• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тейлөө кызматтары боюнча миңден ашуун бош орун бар

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Нуркыз Сабырова - Кабар/. КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигине караштуу Бишкек шаардык жумуштуулук башкармалыгынын адистеринин эсебинде учурда суроо-талап жогору адистиктердин алдыңкы сабында тейлөө кызматтары турат. Алар боюнча 1300 ашык бош орун бар.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда тигүү тармагында 986 бош орун бар. Андан соң тизмеде 564 орун менен сатуу тармагындагы адистиктер турат. Алардын ичинде соода агенттери, кыймылсыз мүлк агенттери, риэлторлор, сатуучулар жана кассирлер бар.

Коомдук тамактануу багытындагы бош орундар 337, булар - ашпозчу, бармен, официант жана башка кызматтар.

Ведомствонун отчетунда мамлекеттик мекемелерде кадрлардын жетишсиздиги тууралуу айтылат. Бишкек шаары боюнча июлда 234 бош орун мугалимдик адис боюнча, 164 – медициналык кызматкерлер жана мамлекеттик кызматта 34 бош орун эсептелет. Июлдун башына карата Бишкекте жалпысынан 2688 бош орун белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий