• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тейлөө кызматын жакшыртуу үчүн: Ошто таксилер текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн фирмалар (такси) текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Текшерүүлөр шаар тургундарын, келген конокторго көрсөтүлүп жаткан кызмат жогорку деңгээлде жана сапаттуу болуш үчүн жүргүзүлүп жатат.

Бул маселеге арналган жыйын өтүп, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык салык кызматынын жетекчиси Эрмекбай Чоюнов, Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакиров, шаарда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн ЖЧКлардын жетекчилери жана айдоочулар катышты.

Жыйында таксисттер тарабынан салык мыйзамдарынын жана техникалык талаптарынын сакталышы жөнүндө маселе каралды.

Шаардык салык кызматынын жетекчиси Эрмекбай Чоюновдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында 30дан ашуун жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн коомдор бар.

Анын айтымында, айрым фирмаларда 600дөң ашуун такси болсо, айрымдарында 200дөн ашат. Таксисттердин айрымдары салык кызматынан каттоодон өтүп, ыктыярдуу патент алышса, айрымдары эч кандай салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөстөн эле иштеп жүрүшөт.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөткөн ишканалардын жетекчилери, айдоочулары жеке менчик такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга да көзөмөл жүргүзүү керектигин билдиришти.

Өз кезегинде С.Турдуев шаарда такси кызматын көрсөткөн жеке айдоочулар да сөзсүз түрдө көзөмөлгө алынып, алардын да салык кызматынан каттоодон өтүп, ыктыярдуу патент алуусу талап кылынаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий