• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши: ИИМдин мурдагы кызматкери сурак берди

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурунку депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда. Бүгүн ИИМдин мурдагы кызматкери Азат Бектемиров сурак берди.

Айыптоочу тараптын айтымы боюнча, 2010-жылдын 13-майында Чотонов менен Леонид Маевский "Альфа Телеком" ЖАК ("Мегаком") контролдук пакетинин баасын сүйлөшүү үчүн "Супара" ресторанында жолугушкан.

Бектемировдун билдиргени боюнча, 2010-жылдын 13-майында Бишкектен Ош шаарына учуп кетмекчи болгон. Бирок, кырдаалга жараша баардык каттамдар болбой калган. Андан кийин ал жакка Алымбеков (ИИМ башчысынын орун басары Бактыбек Алымбеков) учарын билген.

"ИИМ башчысынын орун басары Бактыбек Алымбеков аны менен бирге учуп кетүүнү сунуштады. Мен макул болдум. Ал, "таксиге отуруп, аэропортко кел" деди. Мен Фрунзе-1 аэродромуна келгенде, ал жакта Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Бактыбек Алымбеков жана бир нече офицер бар экен. Ошто вертолет аскер бөлүгүнүн аянтчасына конду. Чиновниктерди Курсан Асанов менен Сүйүн Өмүрзаков тосуп алышты", - деди ал.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий