• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Текебаев менен Чотоновдун иши: Күбөлөр келбегендигине байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Бүгүн отурумга күбөлөр келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 6-апрелге саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган. Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий