• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Текебаев менен Чотоновдун иши: Кезектеги отурум өтүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумда экс башкы прокурор Аида Салянова көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы юстиция министрлигинде иштеген.

Айыптоочу тараптын билдирүүсүндө, ошол жылдын 13-майында Маевский, Модин, Чотонов жана Маматкеримов Текебаев менен жолугуп, "Мегакомдун" үлүшүн сатуу үчүн пара беришкен.

Салянованын айтуусуна караганда, 13-майда Текебаев кечки саат 21:00гө чейин Өкмөт үйүндө жыйында болгон.

Анын сөздөрүн Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Эльмира Ибраимова тастыктады. Ал 2010-жылдын майында социалдык маселелер боюнча убактылуу өкмөттүн координатору кызматын ээлеген.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 2010-жылдын 13-майында Ибраимова убактылуу өкмөттүн жыйынына барган, андагылар 13:00гө чогулушкан. Ибраимованын көрсөтмөсүнө ылайык, жыйында Чотонов болгон, андан кийин ал Ошко кеткен.

«Текебаев биз менен болчу. Ал кечке чейин кабинеттен чыккан жок, - деди Ибраимова.

УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаев билдиргендей, Модин тергөөнүн жүрүшүндө көрсөткөн бөлмө Текебаевдин кабинетине окшобойт, ал Алмазбек Атамбаевдин кабинетине окшош.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий