• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаев менен Чотоновдун иши: Кийинки отурум 26-ноябрга белгиленди

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова көрсөтмө берди. Ал 2010-жылы юстиция министрлигинде иштеген.

Кийинки отурум 26-ноябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий