• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаев менен Чотоновдун иши: Отурумда видео тартууга тыюу салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана КРнын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо башталды.

Сотто судья Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө адвокат Таалайгүл Токтакунова сот залында сүрөт жана видео жаздырууга уруксат берүү боюнча өтүнүч келтирүүдө. Бул өтүнүчтү Текебаев өзү жана Чотонов менен анын жактоочусу колдогон.

Прокурорлор каршы чыккан.

Судья бул өтүнүчтү четке кагып, сот залында видео жана аудио жаздыруу жүрүп жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Аларга 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду камакка алган. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий