• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Текебаев менен Чотоновдун иши: Отурумга бир гана күбө келди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, бүгүн соттук угууга бир гана күбө келген. Анткени күбөлөрдүн көбү Бишкектен сырткары жакта болгондуктарына байланыштуу аларга билдирме берүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Аларды жашаган жеринен табышкан эмес. Бирок күбөлөрдүн баардыгы келип, көрсөтмө берүүгө даяр.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий