• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Текебаев менен Чотоновдун иши: Роза Отунбаева менен Эмилбек Каптагаев суракка чакырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумга экс-президент Роза Отунбаева жана убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаев чакыртылган.

Отунбаеванын айтуусуна караганда, Чотоновко Ошко учуп кетүү боюнча тапшырма берилген. "2010-жылдын 12-13-майында Дүйшөнкул Чотонов жана Өмүрбек Текебаев "Супара" этнокомплексинде болушу мүмкүн эмес эле. Бул жалган, анткени Чотонов Ошто болгон", - деп билдирди ал.

Анын Чотонов Бишкекте жок деп берген көрсөтмөсүн Эмилбек Каптагаев дагы тастыктады. Каптагаевдин айтуусунда, Чотонов Ошко учуп кеткен, анкени ал жакта бийликти алып алышкан эле. "Учканга кечин Чотонов менен Текебае биз менен жыйында болгон", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий