• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши: Сот иш материалдарын изилдөөгө киришти

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү отурумда сот айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновдон көрсөтмө алууну аяктады. Кийин сот иш материалдарын изилдөөгө киришти.

Жумуш күнү аяктагандыктан соттук отурум 8-октябрь саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда КРнын Жогорку соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн караган. 29-августта алар үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий