• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Текебаев менен Чотоновдун иши: Жаңы күбө пайда болду

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурунку депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги жыйын өтүүдө.

Сотто судья Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Таалайгүл Токтакунова жаңы күбө пайда болгондугун билдирди. Ал ИИМдин мурунку полковниги Азат Бектемиров. Жактоочунун айтуусу боюнча, күбө 2010-жылдын 13-майында Чотонов менен чогуу тик учакта Ошко учкан, көрсөтмө берүүгө даяр.

Судья аны негизги 18 күбөдөн сурак алгандан кийин чакырса боло тургандыгын билдирди. Бирок жактоочулар азыр сурак алууну суранышкан. Сатарова тыныгуу жарыялап, залдан чыгып кеткен.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду камакка алган. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий