• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Текебаев менен Чотоновдун соту: Жогорку сот соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Коом 0

Бишкек, 21.11.17./Кабар/. Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов боюнча чыгарылган соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды.

16-августта Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Чотоновдун мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан.

2-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн “коррупция” жана “алдмачылык” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Соттун чечими менен учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Бир катар эксперттер Текебаевдин жактоочулары сот процессин создуктурууга аракет кылып жатышат. Буга анын президенттике талапкерлигин койгондугу себеп болууда дешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий