• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Текебаев менен Чотоновго материал менен таанышууга 3 күн берилди

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы министри Дүйшөн Чотоновго материал менен таанышууга 8-июнга чейин убакыт берилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнст уулу кабыл алды.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда коррупция беренеси менен айыпталып жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө. Текебаев менен ӨКМдин мурдагы министри Д. Чотоновдун иши боюнча сот процесси башталды.

Отурумда “Ата Мекендин” лидеринин юристтери материал менен таанышууга соттон бир жума убакыт сурады. Адвокат Чолпон Жакупбекова маалымдагандай, ал жактоого алган адам материал менен тааныша элек. Мындан улам анын укугу бузулуп жатканын жана материал 7 томдон тураарын кошумчалады. Ошондой эле, материал менен таанышууга котормочу дайындап берүүнү суранды.

Д. Чотоновдун жактоочусу дагы соттон материал менен таанышып чыгууга убакыт берүүсүн өтүндү.

Өз кезегинде айыптоочу тарап Текебаев жана анын жактоочусу материал менен 26-апрелде 1-3- бетке чейин, экинчи күнү 0, ал эми үчүнчү күнү 3-29-бетке чейин таанышканын билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучулар убакытты созуу максатын көздөбөсүн деген жүйөө менен, тергөөчү материал менен таанышууга убакытты белгилегенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий