• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Текебаев тарап 1 млн доллар алганын тастыктады – күбө Модин

Коом 0

Бишкек, 28-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Россиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы Бишкекке 5 ирет келген. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана ӨКМ мурдагы министри Д. Чотоновго байланышкан соттук процессте негизги күбөлөрдүн бири катары эсептелген Россиялык ишкер Алексей Модин билдирди.

Модиндин айтымында, Маевский май айынын ортосунда келген. Июль, август, сентябрь жана декабрдын аягында келген.

“Текебаевге арналган 300 миң доллар, 1 млн доллардын биринчи траншы болчу. Маевский менен Текебаев сүйлөшкөңдөй, Маевский алгач “Альфа Телекомдун” ички башкаруусуна аралашып, каржы- техникалык аудит жүргүзмөк. Анын баасы -1млн доллар болчу. 300 миң долларды Маевский мага Бишкектеги «Хаятт” мейманканасынан берген. Андан кийин мен акчаны ортомчу Маматкеримовдун кеңсесинде ага бергем”,-деп, бирок мага 300 миң доллар алгандыгы үчүн эч кандай тил кат берген эмес деп кошумчалады.

700 миң доллар өлчөмүндөгү экинчи транш Текебаев тарапка Модиндин катышуусуз берилген. Бул тууралуу ал өзү айтууда.

“Мен анда Москвада болчумун жоголгон документтерди калыбына келтирүү менен алектенип жүргөм. Мен Маматкеримов менен байланышкам. Ал акчаны алгандыгын тастыктаган”,-деп, Нобиль жана Текебаев тарап 1 млн доллар алгандыгын тастыктагандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, февраль айынын соңунда Россиялык ишкер Леонид Маевский Башкы прокуратурага кайрылып, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган. Маалыматка ылайык, Текебаев Маевскийге “Мегаком” компаниясын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү убада кылып, 1 миллион АКШ долларын алгандыгын айткан. Бирок Текебаев баштаган ишин аягына чыгарган эмес. Росссиялык ишкердин айтымында, Текебаев алган акчасын кайтарып бербей турганын айтып, аны унчукпа деп коркуткан.

Пикир

Оставить комментарий