• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Текебаев тарапка 500 миң евро бергенин экинчи күбө тастыктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-июнь /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ӨКМ мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук процесси уланууда.

Бүгүнкү соттук отурумда экинчи күбө Руслан Оңолбеков суралып, ал “Мегаком” маселеси боюнча 500 миң еврону ортомчу Талант Маматкеримовго бергенин айтты.

“Мен Алексей Модин Маматкеримовго берген 500 миң евро боюнча уккам”,-деп билдирди ал.

Анын айтымында, Маматкеримов ага “Мегакомдун” маселеси боюнча Өмүрбек Текебаев менен Москвага барып келгенин айткан.

Эскерте кетсек, кечээ жана бүгүн эртең менен Россиялык ишкер Алексей Модин суралган.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура УКМКнын материалына таяныпТекебаев менен Чотоновго каршы кылмыш ишин ачкан. Алар “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча айыпталууда.

УКМКнын маалыматы боюнча аларга Текебаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча Россиялык ишкер Леонид Маевский кат жүзүндө кайрылган.

Өзүнүн арызында Маевский 2010-жылы Текебаев убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары кызматын аткарып турганда, “Мегаком” компаниясын сатууда ага бир катар жеңилдиктерди түзүп берүүнү убада кылып, андан бир миллион АКШ долларын алгандыгын көрсөттү. Биринчи этапта саясатчы Маевскийди “Альфа Телекомдун” башкармалыгына аралаштырып, андан соң аталган компаниянын акциясын бизнесменге сатууну убада кылган. Текебаев берген убадасына турбай алган каражатын кайтарып берүүдөн баш тартып кандайдыр бир талап коюлса же бул маалыматты таркатууга аракеттер көрүлсө, зомбулук көрсөтүлөөрүн айтып коркутканын жазат.

Пикир

Оставить комментарий