• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ө.Текебаевдин иши боюнча Ш.Абдылдаевге издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 5 июнь /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге сыртынан доомат коюлду. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда, Ш. Абдылдаев Ата-Мекен фракциясынын лидери Ө. Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги башкы фигурант болуп эсептелээри айтылат. Буга ылайык, УКМК билдиргендей, ага коррупция беренеси боюнча сыртынан доо коюлду.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Ш. Абдылдаевге камакка алуу боюнча чечими чыгып, ага издөө жарыяланды.

Укук коргоо органдары анын жайгашкан жерин аныктоо үчүн ыкчам тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий