• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Текебаевдин иши боюнча сот котормочуну четтетүүдөн баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 5-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча котормочу бөлүүдөн баш тартты. Мындай чечимди сот бүгүн кабыл алды.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Айбек Эрнис уулунун төрагалыгы астында коррупцияга айыпталган Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун иши боюнча сот отуруму башталды.

Соттолуучулардын жактоочулары котормочуга ишенбөөчүлүк көрсөтүп аны четтетүүнү суранган. Мындан соң жактоочулар котормочудан таптакыр эле баш тартышса, Ө. Текебаев сот отурумун мамлекеттик тилде өткөрүүнү талап кылган.

Буга ылайык, сот ишти мамлекеттик тилде жүргүзүүнү баштады.

Процесстин жүрүшүндө Ө. Текебаев ал иштин материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде алганын жана аларда айырмачылыктар бар экенин билдирди. Ал эми судья Айбек Эрнис уулу материал орус тилинде бекитилгенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий