• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ө. Текебаевдин соттук процессин видеого, сүрөткө тартууга тыюу салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 8-июнь /Мирлан Киизбаев - Кабар/. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук процессин сүрөткө жана видеого тартууга сот тыюу салды.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Айбек Эрнис уулунун судьялыгы алдында коррупция беренелери менен айыпталып жаткан Ө.Текебаевдин жана Д.Чотоновдун соту уланууда.

“Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысы маалымдагандай, сот залына кирүүнү каалагандардын саны арбын болгонуна байланыштуу, залга адамдар жык толгон. Мындан улам милиция кызматкерлери залга кирүүнү каалагандарды кезеги менен кое берди. Алгач, айыпталуучулардын жакындарын жана тарапташтарын, андан соң гана процесске келген ЖМК өкүлдөрүнүн жарымын киргизди.

Өз кезегинде судья сүрөткө жана видеого тарткан журналисттерди сот залынан чыгарып жиберээрин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий