• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Текебаевдин соту 22-июнга жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды.

Соттун жүрүшүндө Текебаевдин жактоочулары бир жактоочунун келбегенине байланыштуу процессти башка күнгө жылдырууну соттон сурашты.

Айыптоочу бул өтүнүчкө каршы чыгып, ишти кароо башка жактоочулардын катышуусунда улантыла берсе болоорун эскертти.

Жыйынтыгында, Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис улуу Айбек процессти улантты. Бирок, жактоочулар Текебаев менен Чотонов иштин 8-тому менен жакшы тааныш эмес экенин айтып, таанышып чыгууга убакыт сурады.

Мамлекеттик айыптоочу буга каршы чыгып, иштин 8-тому менен таанышуу талап кылынбай турганын айтты. Натыйжада судья айыптануучулар 8-том менен таанышып чыгуусуна убакыт берип, тыныгуу жарыялады.

Тыныгуудан соң Текебаев 8-том менен жакшы таанышып жетишпей калганын айтып, кошумча убакыт берүүнү өтүндү.

Мындан улам төрагалык кылып жаткан судья кошумча убакыт берип, процессти 22-июнга калтырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Текебаевге каршы “коррупция”, “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Ал учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Айрым эксперттер Ө. Текебаевдин жактоочулары Текебаев 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катталып калышы үчүн сот процессин атайлап созуп жататышат деп айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий