• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ө.Текебаевге карата кылмыш иши 4 адамдын көрсөтмөсүнүн жана кыйыр далилдердин негизинде козголду – Башкы прокурор

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши 4 адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде жана кыйыр далилдерге ылайык козголду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Ал бүгүнкү күндө Леонид Маевский, Алексей Модин, Раушан Рыкунова жана Өмүрбек Абдрахмановдордун көрсөтмөсү бар деп билдирди.

“Ошондой эле, Маевскийдин 7 жыл аралыгында Кыргызстанга келүүсү боюнча кыйыр далилдер бар”,-деди ал.

Ал арада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев мыйзамга ылайык, эгер жабырлануучулар кылмышын бетине көрсөтсө шектүү жаран кармалышы мүмкүн деп билдирди. “Мыйзам тергөөнүн бирдиктүү тартибин аныктайт. Көп нерселер айтылды, бирок бул ирет күнөөлүү адам депутатпы, жөнөкөй жаранбы мыйзам алдында бирдей экенин айтып кетким келет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий