• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Техас мектебиндеги куралдуу кол салуудан өлгөндөрдүн саны 21ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарында жайгашкан башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда кеминде 19 окуучу менен эки киши мерт болду. Бул тууралуу Associated Press кабарлады.

Буга чейин 18 окуучу жана бир мугалим набыт болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууга шектүүнү полиция атып өлтүрдү. Ал Ювалд шаарынын жашоочусу – Сальвадор Рамос. Анын мындай кадамга барганынын себеби азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий